Төрөлөр төрдү булгады,
Төбөлдөр элден уурдады.
Кысыр эмден май кетти,
Кыйындардан шай кетти,
Кыргызыңдан жай кетти.
Жаттан карыз көп алды,
Жан кечтилер жеп алды.
Бөлөктөн карыз көп алды,
Бөрүлөр бөлүп жеп алды.
Эми жаттан алган карызга,
Жарыдык деп айтабыз.
Жакшылап аны түшүнбөй
Жашообуз жыргал болду деп,
Жаркылдап жүрбүз канчабыз.
Башканын кылган кайрына,
Байыдык деп айтабыз.
Машине минип, там салып,
Марыдык деп айтабыз.
Мекенди коюп күрөөгө,
Менчик деген дүйнөнүн,
Элим мээнетин бир күн тартабыз....
Булак: / 1012133282325869
15 июл 2019