Тёмный

ЭлТР Кара Кулжалык Комузчу Жеңишбек Шамшиев Орошон обондордун ээси 2015 

Подписаться
Просмотров 34 тыс.
% 543

Женишбек Шамшиев 1961-жылы орто мектепти бүтүп ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономикалык факультетинин студенти болуп калды.
1966-жылы университетти бүткөндөн кийин, Алайкуу өрөөнүндөгү Сагындык атындагы совхоздо башкы экономист болуп эмгек жолун баштаган. Ал мезгил чыгармачылыгынын жарк этип жанган мезгили эле. Совхоздун комсомолдорун уюштуруп өздүк көркөм чыгармачылык концертин ар бөлүмдөргө, башка совхоздорго тартуулашып элдик сүймөнчүлүгүнө ээ болушту.
Албетте негизги ишинен тышкары убакта эки өнөрдүн башын кошуп, көкүрөк өйүгөн ойлорун эл менен бөлүшсө жаманбы? Дал ушунун өзү анын да, угармандын да турмушунда алда канча мазмундуу, жагымдуу кылып жатпайбы. Чарба кызматында жүрсө да, Жеӊишбек баягы студенттик курагында баштаган обончулук өнөрүн таштаган жок. Ал турсун анын көркөмдүк деӊгээлин улам жогорулатып, азыркы муун унута баштаган элдик кайрыктардын жагымдуу жактарын ачып берип жатат. Көрсө ошол жагымдуу ыргактарды Жеӊишбек элдин өзүнөн алат тура. Бир жолку Бөкөнбай Боркеев менен болгон маегинде: “Бу чарбалык кесибиӊ чыгармачылык өнөрүӊө тоскоол болбойбу?” - деген суроосуна ал: ”Тескерисинче, элдик кайрыктарды дал ушул чарбалык кесиптин аркасы менен таап жатам”, - деп жооп берген.
Жеӊишбек 1972-жылы Алайкуу өрөөнүнөн райондук айыл чарба башкармасынын башкы экономисти болуп көтөрүлүп келет, жана райондук пландоо комиссиясынын төрагасы, “Кара-Кулжа” совхозунун башкы экономисти, “Совет” совхозунун партиялык комитетинин катчысы, Райондук мүлк фондусунун төрагасы, агрохимлабороториясынын башчысы болуп татыктуу эмгек сиӊирди.
Ж.Шамшиев кызматы жана таланты менен чектелип калбастан, биздин келечегибиз болгон балдарды тарбиялоодо да салымы бар. Ал 1985-жылдан 2008-жылга чейин Кара-Кулжа орто мектебинде (азыр Эшмамбетов болуп өзгөргөн) ата-энелер комитетинин төрагасы болуп, мектеп дирекциясы тарабынан “Балдарды ар тараптан өсүп жетилген, адептүү, маданияттуу, билимдүү жаштардан кылып тарбиялоодо кошкон салымы” үчүн алкыштарды алган. Мамлекеттик жана тарбиялык кызматтарда өтөгөн үзүрлүү эмгеги үчүн “Кара-Кулжанын ардактуу атуулу” наамына татыктуу болгон. Ошондой эле мамлекеттик көптөгөн грамоталарга ээ болгон.

Опубликовано:

 

19 янв 2018

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 3   
@user-oi4rd7mb5t
@user-oi4rd7mb5t 6 лет назад
Женишбек байке.мен............. .............. ....... .... ... .Рахмат сизге!Алла сиздин акыретинизди абат кылсын!--деп р.у.
@user-oi4rd7mb5t
@user-oi4rd7mb5t 6 лет назад
Эжеке.Байкенин ырларын сизге окшопсуйуп.издеп журуп таап уккандар коп эле.Сиз кудай кааласа жалгыз эмессиз!--деп рахман ураим.
@user-kl9ow5rd3d
@user-kl9ow5rd3d 6 лет назад
Чоң рахмат! Аллах ыраазы болсун!