Бул ырды кунуго эки- уч жолу угам.Жолболду агабыз бул ырды Омурзак байке учун эле чыгарыптыр.Бали! Экоон тен азыркынын залкар таланттарысынар.Аман болгула !!! Талантынарга таазим!!!
Урматтуу Омурзак Кайыпов сизге жана эмгек жамаатынызга чон рахмат. Аллах баарыныздардан ыраазы болсун. Талантыныздарга таазим.Онорунуздор оркундой берсин. Клиб ырга ушундай дал келиш керек.
Ойдо жоктон жолугуп, оору кылдың Дана кыз, Оорунун да онтотпос зору кылдың Дана кыз. Көздөрүңдүн учкунун жылт эттирдиң Дана кыз, Көөдөндөгү жүрөктү зырп эттирдиң Дана кыз. Бир көргөндө өзүңдү сүйдүрдүң го Дана кыз, Билиги жок, майы жок күйгүздүң го Дана кыз. Чогуу жүргөн кыздардан бөлүндүң го Дана кыз, Чолпон болуп көзүмө көрүндүң го Дана кыз Ой Дана кыз, Дана кыз, Эй Дана кыз, Дана кыз. Алаксытып оюмду арбадың го Дана кыз, Алыстатып боюңду кармадың го Дана кыз. Ичим жанып турганын сезбедиң го Дана кыз, Имерилип жаныма келбедиң го Дана кыз. Алоолонтуп жанымды ойнодуң го Дана кыз, Ак жүзүңдөн сүйгүзүп койбодуң го Дана кыз Сага жакын бара албай ыза болдум Дана кыз, Сагынычым таралбай куса болдум Дана кыз. Ой Дана кыз, Дана кыз Эй Дана кыз, Дана кыз. Улуу тоодо таңшыган улар болдуң Дана кыз, Угуп үнүң жете албай кумар болдум Дана кыз. Кол жетпеген мен үчүн дабаң болдуң Дана кыз, Козгоп жүрөк сырларын аваң болдуң Дана кыз. Асман тиреп шаңкайган бийик болдуң Дана кыз, Ага жетпей аңкайган кийик болдум Дана кыз. Түйүп ичке сырыңды чечпей койдуң Дана кыз, Түнү-күнү эсимден кетпей койдуң Дана кыз. Ой Дана кыз, Дана кыз. Эй Дана кыз, Дана кыз. Ашыктыгым ашынып менде жүрөт Дана кыз Анын жобун ак кылып сенде жүрөт Дана кыз Жашырбастан сырыңды ачпайсыңбы Дана кыз Жабырткатпай чынынды айтпайсынбы Дана кыз Эртен тагдыр не болот эчким билбейт Дана кыз Эми сени менчелик эчким сүйбөйт Дана кыз Эгер билсен колду бер бир жүрөлү Дана кыз Эки келбес өмүрдү бир сүрөлү Дана кыз Эки келбес өмүрдү бир сүрөлү Дана кыз Ой Дана кыз, Дана кыз. Эй Дана кыз, Дана кыз.
Биринчиден мыкты аткаруучу Омурзак Кайыповго , филармониянын жамаатына , Ак Марал бийчилер тобуна , эл ырчысы Эстебес тобуна чон ыраазычылык. Баарыныздарга ийгилик каалайбыз. Жолболду Алибаевдердин уй булоосу. Чон ырахмат сиздерге.
Оркестр менен өтө угумдуу чыгарма болуптур! Филармониянын артисттерине чоң ыраазычылык! Клип өзүнчө эле мини-мюзикл болуптур, баракелде! Кайталап ырахаттанып угуп-көрүп жатам.
бар бол бийиктигине баш ийип таазим этебиз Асылбек Насирдинов жердешим Таластын таза коп кырдуу таланты Омурзакты кооз ажайып дуно аралатыпсын Кара молдо оркестри менен керемет
Ойдо жоктон жолугуп, оору кылдың Дана кыз, Оорунун да онтотпос зору кылдың Дана кыз. Көздөрүңдүн учкунун жылт эттирдиң Дана кыз, Көөдөндөгү жүрөктү зырп эттирдиң Дана кыз. Бир көргөндө өзүңдү сүйдүрдүң го Дана кыз, Билиги жок, майы жок күйгүздүң го Дана кыз. Чогуу жүргөн кыздардан бөлүндүң го Дана кыз, Чолпон болуп көзүмө көрүндүң го Дана кыз Ой Дана кыз, Дана кыз, Эй Дана кыз, Дана кыз. Алаксытып оюмду арбадың го Дана кыз, Алыстатып боюңду кармадың го Дана кыз. Ичим жанып турганын сезбедиң го Дана кыз, Имерилип жаныма келбедиң го Дана кыз. Алоолонтуп жанымды ойнодуң го Дана кыз, Ак жүзүңдөн сүйгүзүп койбодуң го Дана кыз Сага жакын бара албай ыза болдум Дана кыз, Сагынычым таралбай куса болдум Дана кыз. Ой Дана кыз, Дана кыз Эй Дана кыз, Дана кыз. Улуу тоодо таңшыган улар болдуң Дана кыз, Угуп үнүң жете албай кумар болдум Дана кыз. Кол жетпеген мен үчүн дабаң болдуң Дана кыз, Козгоп жүрөк сырларын аваң болдуң Дана кыз. Асман тиреп шаңкайган бийик болдуң Дана кыз, Ага жетпей аңкайган кийик болдум Дана кыз. Түйүп ичке сырыңды чечпей койдуң Дана кыз, Түнү-күнү эсимден кетпей койдуң Дана кыз. Ой Дана кыз, Дана кыз. Эй Дана кыз, Дана кыз.
Эркекче ырдаптыр. Кыргыз маданияты өтө соонун. Батышты туурабай ушундай ырларды чыгарган Өмүрзакка чооң рахмат. Соонун, керемет. Беш жолу кайталап уктум.
Бул ыр мага мөлмөлүмдүн бир тууганындай эле сезилчү болду,себеби мөлмөлүмдү да бейиши болгур Малик байкебиз ырдаганда кайра кайра укчу элем,азыр Дана кызды да тажабай угам.Эки ырды уксам бирдей сезимдер пайда болот,ошондон улам Мөлмөлүм бир туугандуу болгон сыяктуу ойлор пайда болду менде.Эн мыкты чыгармалар.Эн мыкты аткаруулар.Талантыңарга таазим өнөр адамдары.
Клиб жакшы тартылыптыр,онорун оркундоп талантын ташкындай берсин. Чыгармачылык ийгилик каалайм, Алла таала Ден-соолук берсин Кыргыз элине кызмат кылып журо бер.
Алтын үн десем да жарашчудай Өмүрзак балам эл артистигине жетишиңе Аллахым насиптесин не деген таланттар Оркестир да күчтүү бардык жаматыңарга чыгармачыбык ийгилик ❤❤❤👍👍👍😊😊😊