Жооругу азыр чоочун мага бөтөн, Жоолуккан күндөрдү эстеп санап өтөм Сен иштеп отурганда шек алдырбай Сеңселген чачтарыңды карап өтөм Сезимди сага арналган бирден жийип Сездирбей басып кеткем ичтен күйүп Бурулуп эки айрылыш жолго салган Бул турмуш аска болчу бизге бийик Көп мезгил аккан сайын өзөн болуп Көрүнгүң келет мага бөтөн болуп Элжиреп күлгөнүңдү көп жашырбай Эстей жүр өткөн жазды эсен болуп Бир басып далай кечтик күүгүмдө көл Бир сыйра жоолукмайын күн кирбеген Ал кездин урматы үчүн балбылдаган Аман бол асыл-кечим күлмүңдөгөн Эсен бол эркетайым күлмүңдөгөн
Саламатсызбы! Сыймык байке сиздин баардык ырларынызды угам. Бул чыгарманыз дагы Супер!!! Бар болунуз кыргыз элинин багына, сизди сыйлайм, кудай колдосун!!!
Эн сонун чыгарма бар бол кыргызымдын Сыймыгы менин жаштыгым жалан гана сиздин ырларыныз менен отту дагы да болсо талыкпай угам бир убакта кызыгып концертине кызыл гул которуп бардым эле