Алайкуу
Сөзү С. Жусуевдики
Обону Ж. Шамшиевдики
Көк асманда ак шумкарың шаңшыган,
Көк токойдо көп булбулуң таңшыган.
Кадырман жер, качан, кайда болбоюн,
Канат күүлөп дайым сага талпынам.
Серүүн, сергек назик, жумшак жел сенде,
Сезим козгоор секи сенде бел сенде.
Барктуу-нарктуу, барга-жокко байымдуу,
Барпаңдаган жоомарт пейил эл сенде.
Чансыз таза чалкалаган аскарың,
Баары көпкөк сууң, көлүң, асманың.
Тунук акыл туурдан учкан жаштарың,
Сенсиң сырдуу жазып бүтпөс дастаным.
Ар жылгадан агып өтүп агын суу,
Ак канатын кагып өтүп далай куу.
Кылымдарга тең тайлашып тура бер,
Кымбат жерим, сымбат жерим Алайкуу.
10 янв 2017