Тоо гүлүндөй жытыңан тебеленем Чарк айланып бала үчүн эбеленем Отко сууга канаты кайрылса да Түтөт тура баарына эне деген Кайырма: Кумарланам ансайын Жытынан искеп Садага деп айдайым Садага деп күндөйүм Апакең алкап Ак сүйүүдөн жаралган наристеби Аппак ууздай таптаза периштеби Бала деген жүрөктү толгоп турган Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги Кайырма: Мен эненин бир эрке баласы элем Өтөт тура зуулдап өмүр деген Мына бүгүн мен өзүм эне болуп Эзилишип олтурам балам менен
Талантынызга таазим Эненин балага болгон суйуусу ушунчалык сонун супоттолуп ага шумдуктай назик уну менен баарына шайкеш келип ырдын коркун ого бетер ача алган Башкалардын аткаруксунда уктум ачыгын айтыш керек сихдикине окшото албадым Унунухдогу керемет вргак сизге гана таандык Рахмат эдеке бар болунуз
Эн соонун чыгарма,аябай соонун ырдагансыз Каныкей эже,сизге бекем ден соолук,бактылуу карылык берсин Аллахым,ушул ырдын минусовкасын жонотуп коюнуздарчыы,сураныч