Ашыгың бир күн кезигет, Жүзүмдөй жүрөк эзилет, Кыз-жигит эгер болбосо, Кызык кез кайдан сезилет? Байкасам баары жуп белем, Басабыз эки бут менен, Канаты экөө болбосо, Каяктан учат куш деген. Кайырма: Жаштыгың кургур ээй, Жашынат бир күн оой, Таттуу кез эртең ээй, Табылбайт келсең оой, Ырыстуу күндүн шаңында, Ырдайын үнүм барында. Токтолбой бийле замандаш, Жоктолбой турган чагыңда. Жашооңду улап махабат, Жаштыктын гүлү аталат. Сүрсө да жүз жаш өмүрдү, Сүйүүдөн адам жашарат. Жүзүңдөн бырыш сүрүлөт, Жүрөгүң туйлап сүйүнөт. Өзүңдү эмес жарыңды, Өзгөчө сыйлап сүйүп өт. Күйгүзүп дүйнөң бири кем, Күл болсоң дагы күйүүдөн. Көгөрүп адам ансайын, Көңүлүн калбайт сүйүүдөн. Жар күтүп бакыт тапканга, Жалынды берген жаштарга. Өмүрүң жерде өтсө да, Көктөсүн көңүл асманда.
Гулнур эжекемго,унунузго береке сиздин унунуздой ун жокко Кыргызстанды мин кыдырсанда, бир кылымда бир жаралган талантту айымсыз биз сиз менен мактана алабыз ,супсулуу эжешкам
Бар болунуз! Ар бир ырынызды баалап, сыйлап угам. Сиздей ырдын создоруно терен маани берип ырдаган ырчылар аз.Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм, бизди керемет ырлар менен суйунтуп журо бериниз!
Алтын кыз ,! Сиздин ырларынызды суйуп угам , Кудайым ден соолук узун омур берсин . Баскан жолун ,туз болсун , барган жашын жуз болсун . Башындан бакыт кетпесин , жаман соз , жаман коз сага жетпесин .
Көз тийбесин, абдан сонун чыгарма! Сөзү менен обону, аранжировка-музыкасы бири-бирине төп келсе ушундай чыгарма жаралат. Өзүмдүн эжемго, талантыңызга таазим, чыгармачылык ийгилик каалайм!!!!!!
Ай аллахым ар дайым сизди колдоп мээримине болоп журсун не деген керемет создор бул ырды мен Талас шаарынын туулган кунундо уктум абдан издеп анан таптым же ырдын атын билбейм го ар бир ырын угуп аран таптымго