Кандай керемет сөздөр, чоң рахмат. Атам кайталангыс талантына шайкеш көлдөй терең инсан болгон, кичи пейил, боорукер, тууганчыл. Сизге бекем ден-соолук каалайбыз. Кечирээк окуп калыппыз, терең ыраазычылык билдиребиз!
Женишбек агабыз кыргызга асыл кенч болуп калчу ырларды жараткан,аттин,жигит олбос болсочу,омурдон отуп кетти,биз кыргыз эли Эл артистин бергенбиз эчак эле,абанын жаны жаннатта болсун,ырлары эл арасында жашай берет!!!Бала-бакырасына омур берсин жараткан!!!🤲🤲🤲🤲
Чоң чоң рахмат! Убагында жооп жазылбай калыптыр. Туура айтасың эл өтө барктачу жана барктап келет, атам дагы өзү айткандай элдин баасы жогору! Бекем ден-соолук каалайбыз!
Кандай соонун ырлары ,Кандай кана уккулуктуу,маанилуу ырлар.Уккан сайын уккун келет го чиркин!.Азыркы ырлардын мааниси да жок .Ыр десе эле эптеп чыгарып алып ырдай беришет.Ырларды ушундай чыгарып ,ушундай ырдашса кандай жакшы болоор эле.
Чоң рахмат сизге! Ооба, өзүнө гана таандык дирилдеген үнү бар эле, аттиң жаш кезиндеги телевидениеде тартылган бир дагы видеосу сакталбай калган. Сизге ден-соолук каалайбыз!
Музыкалык билим албай туруп,лириканын шедеврлерин жаратып койгон агабыз!Ажал тоорубаганда ,дагы канча ырлар жазылмак....эххх!!!Эл артистинен да даражасы бийик ,кадыры өтө чоң искусство адамдарынын ичинде өзүнүн эн тамгасын кынаптап ,тизген тубаса талант !!!
Туура айтасыз, атабыз абдан тамашакөй болчу, атабыздын эң чоң жетишкендиги анын өтө күйүмдүү уул, боорукер бир тууган, сүйүктүү жар жана мээримдүү ата болгондугу. Атабыз дүнүйө эмес, тууган чогулткан, байлыкты эмес көңүлдү караган. Чоң рахмат сизге, ден-соолукта болуңуз!
Женишбек агай кандай ыр жаратса да,созу обонуна топ келишип туратда ,журогунун тазасы ырларынан ,аткаруусунан билинет. Дагы ырдалбай канча ыр калды,ачылбай канча сыр калды. Озу олсо да,экинчи омуру болгон ырлары олбойт ,кылым карыта берсин!.
Терең ыраазычылык билдиребиз сизге! Аябай жылуу сөздөрдү жазгансыз. Атамдын баркын сиздердей эл билет, эл баалайт! Сизге бакубат жашоо каалайбыз! Жазып туруңуз!
Ж .Чабалдаевдин,Ж.Шамшинвдин мукам ундорун угуп олтуруп,кыргыз болуп жаралып калганыма суйуном, Женишбек аганын ырларын озундой мукамдуу аткарган ырчы чыкбайт эми.жаткан жери жайлуу болсун.
Чоң рахмат сизге. Туура айтасыз, өтө өзгөчө обончу, аткаруучу болгон экен. Атам өзү Ж.Чабалдаев аткарган ырларды ырдачу экен, анан апам ооруп калганда апама арнап өзү обон чыгара баштаптыр. Апама, "Сен оорубасаң, мен аткаруучу бойдон калат элем"- деп айтчу эле. Сизге бекем ден-соолук каалайбыз!
Ущундай адам менен бир заманда, бир мезгилде жашап туруп, бир жолугуп концертин корбой калганыма окуном, барквн билбептирбиз, жаштык кылыптырбыз. Бир жолу агайды Ош шаарынын Батыш кичи районунан коргом, ошондогу калдайган карааны али коз алдымда, куз мезгили эле, башында ак калпак, кара костюм кийген экен, ошол элеси эсимде калды, бирок, ошондой адамга салабаттуу, абройлуу адамга не деп бармае элем, бир жерде эле жакын турганбыз, аялдамада. Аттин, жаштык кылыптырмын, азыр эгер жолуккан болсо барып, колун кармап, учурашып суйлошпойт белем... аттин ушуга окуном, жаткан жериниз жайлуу болсун, ыр суйгон, гул суйгон агатайым, ооов!! ,, Омур бою соолбогон гул болобу? Гулду ыргытат, чыгып калса керектен..... Сен да отосун, жигит да отот сени опкон",- деген саптары бар ырды аткарчу, кайра-кайра укчумун, создору терен философиялуу, маныздуу чыгармалар эле. Ал эми ун озунчо нюанстарга бай керемет ун эле, андай абан, андай ун- Шамшиевге гана таандык ун болчу, озуно гана таандык озунчолук эле. Балким, бейиште ырдап жургон чыгаарсыз, ооба, дал ошондой!! Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун!!
Көзүбүздөн жаш агып, атабыздын дал ошол элеси келип турат. Чоң рахмат сизге! Атам ар бир адамга эңкейип учурашып, жылмаюу тартуулап турчу, сиз барып учурашсаңыз сөзсүз сүйүнмөк, сиз дагы сүйүнүчтө калмаксыз, аттиң. Сиз өтө туура белгилеп атасыз мындай үн атама гана таандык эле! Аллах ошошндой чоң талант менен чогуу улуулукту дагы берген экен атама. Сизге терең ыраазычылык айтабыз, ушундай жакшы эскерүү менен бөлүшкөнүңүз үчүн, ден-соолукта болуңуз, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Шамшиевдердин үй-бүлөсү.
Атамын ырларына өтө жогору баа беогениңиз үчүн чоң рахмат! Бекем ден-соолук каалайбыз. Атам ушул ырынын таржымалын мындай деп айтып бергени бар: " Биринчи ырым "Эсиндебини" радиого жаздырып келип абдан шыктанып калдым, анан эртеси эле Барктабас Абакировдун "Арнадым көлдүн жээгинен" деген ырын жактырып, ошол текстке обон жараткамын"