Жеңишбек Шамшиев ыр жыйнагы:
• Жеңишек Шамшиев - Угуз...
с. о. Ж. Шамшиевдики
аткаруучу: Ж. Шамшиев
Таарынба
Негедир мага таарынып,
Келбейсиң күтсөм зарыгып.
Жоодурап көзүң элестеп,
Жол карап күтсөм зарыгып.
Билмексен болуп жүрөсүң,
Билсең да жүрөк мүдөөсун.
Таарынба, кечир сүйгөнүм,
Кетирген кемчил күнөөсүн.
Каймана далай күн өтсө,
Кайгы муң мени жүдөтсө.
Сүйкүмсүз солуп калабы,
Сүйүүнүн гүлү жүрөктө.
Койчу эми келчи кубана,
Шаттыка шаттык улана.
Жүзүңдөн турсун сезилип,
Жүрөктөн берген убада.
22 янв 2016