Азаматсын, унун жайдын муукандуу ,жаратылыштын баардын добуштарын аралаштырып соккон жумшаак желиндей экен.Бар бол ,аман бол.Келечегинди Аллахым кенен кылсын.Издегенин кайсыл улуттан болбосун сени сыйлаган жана сени тушунуп аздектеген кыз болсун
Мага жар керек, Өзөктү жалгай турган, Жогумду камдай турган... Тагдырым татаал жолдо, Тар болсо тайбай турган. Мага жар керек, Берилип сүйүп турган, Күн сымал тийип турган... Аялдык көрсөтсөм да, Ар дайым бийик турган. Мага жар керек, От болуп жалындаган, Кеп айтсам таарынбаган... Жагымсыз адаттардын, Артынан салынбаган... Мага жар керек, Чалынбай тузактардан, Чарбасын түз аткарган. Алыс бол деп айтмакмын, Узун тил ушактардан... Мага жар керек, Ыраак болуп кара жерден, Ырыскы ала келген... Ынтымак өмүр сүрүп, Ыймандуу бала берген... Мага жар керек, Деп көңүл оолуктурду... Купулум толуптурмун... Жүрөктөн көксөгөндү, Акыры жолуктурдум...
Керемет ун ,ииине жеткире аткарган Кутман сага чексиз ийгиликтерди каалаймын !!! Келечекте акыл эстуу ыймандуу жарга жоолук , бактылуу бол. Чыгармачылыгын оркундоп оссун , булбулдай унун менен , кыргыз элиндин суймончулугуно ээ болуп.жур.
Кутман азаматсын! Абдан маанилуу ырларды тандап ырдайт экенсин. Домбра менен Майра Керим кызынын ырларын жеткире ырдаганын абдан жакты. Чыгармачылык ийгилик каалайм!!
Майра Керим кызы мыкты акын болгон экен, "Мага жар керек", "Эгиз журок", "Сезим жанары" деген ырлары убакыт откон сайын кайрадан кулпуруп, жаны аткарууларда жанырып атат
Кутман бирде Майраш болуп, Кутман бирде Элмирбек болуп, Сахнага бирде өзү чыгып, Жан-дүйнөнү байытып, Жүрөктөн чыккан ырларды, Жүрөккө жеткирип, Элиңдин колдоосу дүркүрөп, Даңгыр жолдосуң!!!