Тарбия бардыгына бирдей берет, Он бала болсун багат ата-эне. А бирок ошол ону биригишип, Багышпайт ата-энени эминеге. Кол созуп бир кездерде келе-келе, Келе бер, кармат мага өзүң жебе. Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө, Унутат ата-энесин эминеге? Оокат таап адилеттүү эмгек менен, Адамдык сапатыңды тилеп келген. Ай ушул адам болуп кетсинчи деп, Ата-энең болчу өргө жетелеген. Көрүнүп эл көзүнө коройгондон, Бой болсо ак теректей соройгондо. Карабай атасына, энесине,энесине, Кай мерез басып кетет чоңойгондо. Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө, Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө. Билсеңер ата-эненин милдетинен, Кутула албайсың ар тирүү күндө. Туурдан учурганын унут койбой, Адамдык сапатыңды астиң ойло. Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан, Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон.
Канчалары Ата энеге Зар болуп жатат канчасы Ата энени таштап жатышат Ата эне канчалык кымбат экенин билгенде анда жашоо башкача болмок менин жаштыгымда ажырашып кетишкен апамдын колунда остум бирок барыбир атанын орду эненин орду башка Ата энени эч. Качан капа кылбагыла атам тируу бирок Коро албайм Ата менен олтуруп суйлошуу ОЗУ чон бакыт ото чон бакыт баарынарга бакыт каалайм бактылуу болгула
Ата Энени 2 дуйнодода сыйлай албасак керек барыбыз еле чоноюп туш тарапка тарап кеттик бизди ойлоп кыргызстанда жатышат кантип сыйламак елек турмуш жолунда бала болсода оз жолундан кетет екенсин бала деп
Мени сактап калган сууга чогуп жатканда жарда гитарасын чертип жаткан ушунчалык тездик менен жетип келип мени алып чыкан ырахматы.Азыр 52 жаштамын мен бармын аттин арман сиз жоксуз ю