Асылым, үшкүрүнүп кыйнабачы, Алданып үмүтүмө ыйлабачы. Жамандап жазыгы жок бир пендени. Жанар тоо атылгандай кыйрабачы. Кайырма: Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи, Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи. Куш болуп боосун тытып учуп кеткен, Көзүмдөн махабатты издебечи. Издебечи! Асылым, неге мынча үшкүрүндүң? Сүйүүнүн кайгысыбы үшкүрүгүң? Жалынба, жалдыраба, кайра-кайра. Алданбайм алданбаймын, жаным сага. Кайырма: Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи, Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи. Куш болуп боосун тытып учуп кеткен, Көзүмдөн махабатты издебечи. Издебечи!
Ибрагим мн жатыр жургонун кайдан билесинер жанында беленер эмне суйлойт десе суйлобогулочу уйбулосуно зыян кылып силерге эле бироо ушинтип суйлосо жакшы болобу