Озунду таппай кептун арасынан, Жургенде айыга албай жаратымдан, Куюлуп арман болуп агып жаттым, Куштардын куса серпкен канатынан. Алдастайм ары-бери, ары-бери, Жалгызмын, жан керген жок аны деги. Тиктетет кайра-кайра тигил кектен, Тизилген каркыранын сабы мени. Кеп жаштар коче менен агат улам, Кере албай жалгыз сени арасынан. Атындын баш тамгасын тапчу болдум, Талпынган куштун гана канатынан. Куйуттун езу ечсе да зарпы калар, Билгендей махабаттын дартын алар. Атындын баш тамгасын кекке жазып, Алыска учуп кеткен каркыралар. Кун батат, тандар атат, агат суулар, Куйутун очуре албайт жараттуулар. Мунумдун баш тамгасын эске салып, Мунайта бербегиле канаттуулар. Жаз келди жайып жашыл килемдерин, Белгендей келбес жайга жибергемин. Сирендер гул ачканда сени эстейм, Сиреним, сирендерим силер менин. Бул адат кайдан Мага калган билбейм,р. Адашкан арманымды жаздан издейм. Жаны ачкан бучур бойдон калсак кана... Жашынып кеткичекти жалган бизден. Жаз бойдон каларлыгым кумен менин, Жаштыгым сага учуруп жибергемин. Бирок сен журегумдун жазы болуп, Тубелук калышынды билер дедим. Сени эстеп жашай берем ойдо сонун, Мен учун андан артык болбос орун. Сезбесмин кекуректе кайгы барын, Сен болсон уктатарым, ойготорум. Кез куйет керуп жаздын сирендерин, Жаштыктын жашап коюп ширин жерин. Мунайдым, мунайбаска аргам барбы? Мунарым, мун-арманым силер менин.