Раймaaly 47/ Nomad Music
Элен - Эстедим / Estedim / Кубаныч Сатаев (Калмурат Рыскулов)
---------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
ырчы / elen.hack
оператор. / kalyskhan_sagynaliev
/ chuvax
аранжировка ...
Локация ; Жалал-Абад / Аксы / Кара-камыш
Спасибо за легендарную песню
...
Адыгене суусу ; / adygene_suusu
Скачать mp3 (TELEGRAM) - t.me/rhymeaaly
Сүйүүм менден узап кетерин,
Бир жүргөндө баркың сезбедим.
Сүрөтүңө карап отуруп,
Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.
Каналды колдоо учун :
Банковский счет для поддержки канала:
For support channel:
VISA 4169 5853 4633 0813
О деньги : 0705669174
Эстедим / Estedim
Жадыраган жазым сен элең,
Жандай көрүп сүйөм дечү элең.
Жаркыраган айдай периштем,
Түбөлүктүү бактым сен элең.
Сүйүүм менден узап кетерин,
Бир жүргөндө баркың сезбедим.
Сүрөтүңө карап отуруп,
Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.
Кара көздүү сулуу кыз элең,
Сүйүүм менин калпыс түш белең?
Табыштырган жазгы сүйүүбүз,
Күздө кетер келгин куш беле?
Сүйүүм менден узап кетерин,
Бир жүргөндө баркың сезбедим.
Сүрөтүңө карап отуруп,
Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.
Ошол күндөр өттү билинбей,
Эрте соолгон жаздын гүлүндөй.
Бакыт тилеп сага аргасыз,
Жашап келем бирок түңүлбөй.
Сүйүүм менден узап кетерин,
Бир жүргөндө баркың сезбедим.
Сүрөтүңө карап отуруп,
Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.
Биз менен болуңуздар !
Ой-пикир калтырганды унутпаңыздар!
РАХМАТ !
#Раймaaly47 #elen
29 сен 2024