Тушаган сезимге багынып, Тумардай жүрөккө тагынып. Жүзүмө күлкүңдү жашырып, Жүрөмүн өзүңдү сагынып. Өмүрдүн бактысы өзүңдө, Сүйүүнүн ачкычы көзүңдө. Берметтей алдыңа чачылып, Ишенгин, жаным, сен сөзүмө. Кайырма: Периштем, жамалың жайнаган, Жаныңдан кете албай байланам. Жолугуп, жаңы эле узатсам, Жолуксам деп эңсеймин кайрадан. Жүрөктүн эңсеген себебин, Сурасаң мен гана билемин. Суусаткан сезимдин кыйноосун, Сүйүүмдүн күчүнөн жеңемин. Кайырма: Периштем, гүл болуп мен сунулам, Периштем, ыр болуп мен угулам. Бактыма мен ыраазы болоюн, Периштем, төгүлчү нуруңан. Кайырма:
ИСЛАМ ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАШТАБА, ГОЛОСУН ТЭМБИРИН СОНУН, ЖАКШЫ. ЖАНА ОЗУН ДА СУЙКУМДУУ ,ТАЛАНТУУ КРАСАВЧИК ЖИГИТСИН. ЧЫНЫНДА КЫРГЫЗ ЭЛИМ ,СЭНИ МЭНЭН ДАЙЫМ, СЫЙМЫКТАНЫП КЭЛЭТ ЧЫНЫНДА .ИШЭНИП КОЙ ИСЛАМ ,ЧЫН ДЭН СООЛУКТА БАКТЫЛУУ БОЛ. АЛГА ТОЛКО АЛГА ИСЛАМ МАКУЛБУ ЖИГИТ.
Эээх... эми мектепти бутуп жатканда ушул ыр чыккан эле. Азыр уксам жаш кезимди 18 жаштагы убакытты эстеп кетем. Кандай гана таза, тунук сезимдер бар эле. Бироону жакшы корсок эч бир жаман нерсени ойлобой суйот элек. Соонун кез болчу 👍😊😊😊
Биринчи жолу жолдо баратып уктум эле ушул ажайып ырды . Авторун билбей таппай копко уккум келип журдум кайра. Чыныгы таланты бар адамды мен сыяктуу эл озу баа берет жана коптун ичинен тандап алат коп жыл отсо да ошол ырын издейт кайра кайра уккусу келет. Иним сенин Кудай берген талантын бар , оно бер осо бер . Жолун ачык болсун бактылуу адамдардан бол !!!
Океандын ары жагынан ар дайым укчу элем бул ырды,азыр угуп кайра барып келгендей болдум.Ислам абдан таланттуу ырчы кайталангыс уну бар.Азыр эмнеге чыкпай калды
2020 менин окуучулук кезимдеги сүйүктүү ырым ❤сонун убак экен телефондор жок...кат жазышып сезимдерди билдирип...жаз келгенде көчөгө чыгып топ ойночу элек азыр анын бири жок...сонун убак экен...ошол убакта мектепте окуганым үчүн сүйүнөм 🌹🌹🌹🤗
Ислам азаматсын.голосун аябай жакшы,бирок акыркы учурда ырдабай койдун? Ырчы болгун келбей калдыбы? Мен россиядан жазып жатам. Сени сыйлайм,ырларынды ардайым суйуп угам,жана дагы жаны -жаны ырларынды кутуп калам.